Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсеге колу тийбөө, эч иш кылбай жүрө берүү, бекерчиликке көнүп алуу, жеңил жан багуу. Кумаркан ушул күнгө чейин куурай башын сындырган жок (Байтемиров). Небактан куурай башын сындырбай бекер жашап, өмүрүн куунак кармап келген Эсир алтындарын четинен кармап, сараң урунат (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсеге колу тийбөө, эч иш кылбай жүрө берүү, бекерчиликке көнүп алуу, жеңил жан багуу. Он үч жашка келгиче Кумаркан куурай башын сындырбады (Байтемиров). Небактан куурай башын сындырбай бекер жашап, өмүрүн куунак кармап келген Эсир алтындарын четинен кармап, сараң урунат (Осмоналиев). В.: Чырпык башын сындырбоо. Ал өмүрүндө чырпык башын сындырган жан эмес (Байтемиров).